“Курулушсертификаттоо” РБ Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесин аткарууга алды.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Эне тил жана Айтматов” – мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялагына байланыштуу биздин Борбордо “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу темадагы иш чара болуп өттү. Бул иш чаранын алкагында Борбордун кызматкерлери тарабынан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр жана алардын философиялык, тарбиялык жактары талкууланды. Андан тышкары “Документтердин аткарылышын көзөмөлдөө” секторунун жетекчиси К.М. Мамадалиев азыркы учурдагы кыргыз тилинин мамлекеттик кызматтардагы орду жөнүндө айтып берди жана Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгына карата дубал гезиттер даярдалды.

Без имени-1

 

IMG_8066

Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынганын 29 жылдыгын белгилөө