Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору (мындан ары – Борбор) өз ишин курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигин тастыктоо, курулуш материалдарын, буюмдарды, конструкцияларды сыноо, жумушчуларды окутуу жана кайра даярдоо, тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу, тармактын ишканаларын маалыматтык жактан колдоо жаатында ишке ашырат.

2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Борбор юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, ага бекитилген мүлктөргө оперативдүү башкарууну ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү иш-аракеттерди ишке ашыруу жана аларды тескөө укугуна ээ.

4. Борбор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун укуктук мураскери болуп эсептелет.

5. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 28.

6. Борбордун толук расмий аталышы:

мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Курулуштагы сертификациялоонун республикалык борбору”;

расмий тилде: “Республиканский центр сертификации в строительстве при Государственном агентстве архитектуры, строительства и жилищно-коммунального хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Борбордун максаты

7. Борбордун максаты курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

3. Борбордун милдеттери

8. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын техникалык регламенттердин талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдердин шарттарына шайкештигин тастыктоо боюнча иштерди жүргүзүү;

– курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзүү;

– тармактын адистеринин квалификациясын жогорулатуу;

– юридикалык жана жеке жактарды маалыматтык жактан колдоо жана кызмат көрсөтүү.

4. Борбордун функциялары

9. Борбор жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларын ишке ашырат:

1) тармактык саясат функциялары:

– шайкештикти баалоо боюнча, курулуш материалдарын, буюмдарды жана конструкцияларды сертификаттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредитация алуу маселелери боюнча аккредитациялоого ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз ара аракеттенет;

– сыноо жүргүзүү үчүн сертификатталуучу продукцияларды тандап алууну ишке ашырат;

– сертификатталуучу продукцияга сыноо жүргүзүү үчүн аккредиттелген сыноо лабораторияларын пайдаланат;

– шайкештик сертификаттарын берет;

– курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга сыноо жүргүзөт;

– берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин жүргүзөт;

2) координациялоо жана контролдоо функциялары:

– сертификаттоо объекттерине инспекциялык контролду ишке ашырат (эгерде мындай контрол тиешелүү сертификаттоо схемасында каралган болсо);

– берилген шайкештик сертификаттарынын колдонулушун токтотот же жокко чыгарат;

– Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын шайкештигин тастыктоонун жыйынтыгын таануу боюнча иштерди жүргүзөт;

– аккредитация алуу маселелери боюнча сыноо лабораторияларын аккредитацияга атайын ыйгарым укуктуу орган менен бирге өз ара аракеттенет;

– сыноо протоколдорун берет;

3) колдоо функциялары:

– курстардын программаларын жана тестирлөө ыкмаларын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (мындан ары – КРӨМА) бекитүүгө берет;

– инженердик-техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча иш жүргүзөт;

– адистерди окутууну жана кайрадан даярдоону жүргүзөт.

– тармактын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды КРӨМАга киргизет;

– тармактын (техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин топтомунун ж.б.) регламенттештирүүчү техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана карайт.

– тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтердин (техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин топтомунун ж.б.) фондун түзөт;

– тармакта колдонулуучу ченемдик укуктук, техникалык документтер жөнүндө кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга маалымат берет;

– долбоорлоону, имараттардын жана курулмалардын конструкцияларынын техникалык абалын изилдөөнү, ошондой эле аларга мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат;

– ишканалар, уюмдар, мекемелер менен кызматташат, аларды жана өз алдынча адистерди Борбордун иш чөйрөсүндө эксперттик жана башка иштерди аткарууга жана жүргүзүүгө тартат;

– сертификаттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө арыз берүүчүгө маалымат берүүнү камсыздайт;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.

5. Борбордун укуктары

10. Борбор төмөнкүлөргө укуктуу:

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан Борбордун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

– берилген ыйгарым укуктардын чегинде соттордо доогер жана/же жооп берүүчү катары өзүнүн атынан чыгууга;

– Борбордун компетенциясына кирген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды белгиленген тартипте тартууга;

– КРӨМАга өзүнүн түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.

6. Борбордун ишин уюштуруу

11. Борборду КРӨМАнын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.

12. Директордун орун басары болот. Директордун орун басары Борбордун директорунун сунушу боюнча КРӨМАнын директору тарабынан кызматка дайындалат. Директор жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.

13. Директор:

– Борбордун ишине толук жетекчилик кылат жана милдеттердин жана функциялардын аткарышына жеке жоопкерчилик тартат;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот. Борбордун финансы-экономикалык абалына жараша кызматкерлердин эмгек маянасына үстөктөрдү жана кошумча төлөмдөрдү белгилейт;

– айрым иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;

– өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Борбордун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерет, ушул Жободо белгиленген функцияларды ишке ашыруу үчүн керектүү документтерге кол коет;

– Борбордун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын баардык уюмдарында жана мамлекеттик органдарында Борбордун кызыкчылыгынын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банкта алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;

– мүлктөрдү жана финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди чыгарат жана финансы-чарбалык иштерге толук жоопкерчилик тартат;

– административдик укук бузуулар тууралуу иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жаза салат;

– Борбордун алдында аймактык түзүмдөр уюшулган учурда, алар жөнүндө жобону КРӨМАга бекитүүгө берет.

7. Борбордун мүлкү

14. Борбордун мүлкүн негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген жана Борбордун балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.

15. Борбордун негизги фонддорун, жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдалануудагы мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

8. Өзгөртүп түзүү жана жоюу

16. Борборду өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.